Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Ташкенттен Ысык-Көлгө автобус каттамын ачуу маселеси каралды


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө автобус каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу 26-мартта кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, премьер-министр Улукбек Мариповдун Ташкентке иш сапарынын алкагында өткөн расмий сүйлөшүүлөр учурунда өзбек жарандарына жай мезгилинде Ысык-Көлгө Ташкенттен автобус менен каттоого шарт түзүү маселесин карап чыгуу пландалды.

Мындан тышкары, Ташкент менен Балыкчы шаарынын, Тамчы айылынын ортосундагы темир жол жана аба каттамдарын да улантуу маселеси каралды.

Эки өлкө ортосунда Ташкент-Бишкек автобус каттамы соңку бир нече жылдан бери ишке ашырылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG