Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:07

УКМК: 100 миллион сомдук жемкорлук аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө жемкорлук болуп, өлкөнүн бюджети 100 миллион сомдон ашуун суммага зыян тартканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 27-мартта тараткан маалыматка караганда, айрым мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун кызмат адамдары мамлекетке тийиштүү мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча келишимди туура эмес түзгөндүктөн бюджетке ири өлчөмдө акча түшпөй калган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) жана 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүдөн 4 миллиард сом чогулганын, эсеп күн сайын толукталып жатканын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйынында билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG