Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Мурдагы депутат Исхак Масалиев УКМКда сурак берди


Исхак Масалиев. Архивдик сүрөт.
Исхак Масалиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнө барып, сурак берип чыкты. Бул тууралуу Масалиев 27-мартта “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, “Бир кылмыш иши боюнча күбө катары суроолорго жооп берип чыктым. Ал кылмыш иши менин азыркы ишмердүүлүгүмө жана саясий көз карашыма тиешеси жок” деп билдирди. Саясатчы кайсы иш тууралуу сөз болгонун ачыктаган жок.

Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев Жогорку Кеңештин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты болгон. Алтынчы чакырылышта ал «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болуп, мандатын мөөнөтүнөн мурда 2020-жылдын май айында тапшырып берген жана “15 жыл ичинде минтип мыйзамды четке кагып койгон учурду көрө элек элем. Жогорку Кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирди уга элекмин” деп билдирген. Соңку кездери ал конституциялык реформага байланыштуу сын пикирлерин айтып жүрөт.

2010-жылы Масалиевге карата “бийликти күчтөп басып алууга аракет” деген айып коюлуп, 2011-жылы ал сотто толук акталган. (RK)

XS
SM
MD
LG