Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

COVID-19: Вирус дагы 88 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 88 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (55) жана Чүй облусунда (24).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 946га жетти, каза болгондор - 1494 адам.

Бир күндө 68 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4233 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору төрт дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG