Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

“Коопсуздук-2021” аскердик машыгуусуна даярдык жүрүп жатат


Машыгууга даярдык.
Машыгууга даярдык.

Кыргызстанда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу Түштүк-2021” деген аталыштагы аскердик машыгууларга даярдык жүрүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар 1-3-апрель күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.

Жоокерлер аскердик кошуундардын жана техниканын күжүрмөн абалдагы шартта макулдашылган аракеттерин ишке ашырууну үйрөнүшөт.

Жалпысынан машыгууга 2 миңдей адам, 100гө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20 чакты артиллериялык система жана 10дой авиациялык техника тартылат. (RK)

XS
SM
MD
LG