Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Жапаров чек ара боюнча чечимди тарыхый кадам деп баалады


Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.
Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдар тарыхый мааниге ээ деп эсептейт. Бул тууралуу ал 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев менен жолугушууда айтып, буга чейинки чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын билдирди.

Жапаров эки элдин көптөн берки тилеги бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып баратканын жана бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен да сүйлөшүүнү активдештирүү зарылдыгын айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК жетекчиси 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып келген. Анын жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Президент менен жолугушууда Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын айтты. «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шахрихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленди.

1-апрелден тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрүү пункттары ачылмай болгону айтылды.

Өзбекстан «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кең-Сай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөй болду, кийин даяр болгондо ал пункттар да ачылат.

Бардык такталган тилкелер боюнча жеринде биргелешкен изилдөөлөр, эки тараптуу кеңешмелер жүргүзүлөт. Андан соң Ташкентте кабыл алынган протокол мамлекеттик органдар менен макулдашылып, мамлекет аралык келишимге кол коюлат. Бул документ эки өлкөнүн парламенттеринде ратификациядан өтүшү зарыл.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны жакынкы убакта Кыргызстанда өтөрү айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG