Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Кезектеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү жакын арада Кыргызстанда өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны жакынкы арада Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтты.

Атайын кызматтын башчысы 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып келген. Анын жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

26-мартта журналисттердин сурооcуна жооп берип жатып Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе 100% чечилгенин айткан.

Жапаров бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тарыхый мааниге ээ кадам деп атады.

Мыйзам боюнча, протокол кабыл алынгандан кийин анын негизинде келишимге кол коюлуп, документ парламенттерде ратификациядан өтүшү зарыл.

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны Ташкентте 26-мартта өтүп, ага премьер-министрлер Улукбек Марипов жана Абдулла Арипов катышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG