Жаштардын жарым жылдык жүрүшү жыйынтыкталды

"Мыйзамдуулук үчүн!" жүрүшү. 14-февраль, 2021-жыл.

Бишкекте дээрлик жарым жылдан бери ар жекшемби өтүп келаткан "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү жыйынтыкталды.

“Баштан башта” кыймылынын демилгеси менен жарандык активисттердин, саясатчылардын катышуусундагы акциянын акыркысы 4-апрелде өттү. Бул жүрүш Кыргызстандын тарыхында эң креативдүү транспаранттар колдонулган, негизинен жаштар катышкан узак мөөнөттүү тынч акция болуп калды.

Иш-чаранын сценарийи бирдей: катышуучулар Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келип, андан соң тарап кетишет.

Ар жекшемби Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары менен чыккан активисттерге катаал кысым көрсөтүлбөсө да, бийлик аларды сындаган учурлар болду. Айрым катышуучулар артынан милиция түшкөнүн билдиришкен.

"Баштан башта" кыймылынын лидери Улан Үсөйүндү кепке тарттык:

- “Мыйзамдуулук үчүн!” акциясынын алкагындагы “акыркы жүрүш” дегенди түшүндүрүп берсеңиз.

Улан Үсөйүн.

- Бул жүрүш Конституцияны өзгөртүүгө, референдум өткөрүүгө каршы иш-чара болчу. Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө эле жүрүштү баштаганбыз. Анткени, Конституцияга одоно өзгөртүүлөр киргизилерин түшүнгөнбүз.

Мен референдумду тааныгым келбейт. Ошондуктан, 11-апрелде жергиликтүү шайлоодо добуш берүүгө барам, бирок шайлоого кошо өткөрүлүп жаткан референдумга катышпайм. Биз элге колдон келишинче аракетибиздин себебин түшүндүрдүк. Албетте, чечимди жарандар өздөрү кабыл алышат. Референдум аркылуу өтүп, Конституциянын жаңы варианты кабыл алынган күндө деле ал мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу тарыхта кара тамгалар менен жазылып калат.

Референдумду дайындоо чечимин кабыл алууда көптөгөн мыйзам бузууларга дагы бир жолу адамдардын көңүлүн бургубуз келет. Биз бийликти Венеция комиссиясынын пикирин эске алууга чакырабыз. Жарандарды укугунан ажыраткан, тең салмактуулукту бузган, бийликти бир колго топтогон эмес, биз сыймыктана турган Конституцияга ылайык жашоону каалайбыз.

"Азаттыктын" архиви. 3-январь, 2021-жыл.

- Референдумга байланыштуу уюштурулуп келген акция болчу деп айтып жатпайсызбы. Бирок сиздердин акциялардын арасында башка өңүттөргө деле күбө болдук. Мисалы, коррупциялык система түзгөнүн моюнуна алган Райымбек Матраимов биринчи жолу кармалып, анан коё берилгенде...

- Туура айтасыз. Жүрүш “Мыйзамдуулук үчүн!” деп аталган. Арасында “Акыйкаттуулук үчүн!” деген акция да болду. Ал, сиз айткандай, Матраимовдун маселесинен улам уюштурулду.

Дагы бир жүрүшүбүз чек ара маселелерине арналды. Дагы биринде “Фейсбукка” саясий көз карашын жазганы үчүн камалган активист Тилекмат Кудайберген уулунун укугун талашкан чакырыктарды айттык. Биз койгон талаптар жыйынтык берген учурлар деле болду. Саясатка байланышкан көйгөйлүү маселелер жаралганда, ал тууралуу акцияларда билдирип турдук.

«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшүндөгү чакырыктардын бири. 3-январь, 2021-жыл.

- Жалпы эсепте жүрүш канча жолу уюштурулду?

- Жүрүштөрдү алтынчы айга аттаганда жыйынтыктадык. Жалпысынан 21 жолу чыктык.

- Айрым учурларда акцияга келгендердин саны көп, кээде аз эле киши чыкканына күбө болдук. Башында араңарда саясатчылар деле болду. Уюштуруу иштери тууралуу айтып бересизби?

- Адамдардын саны жагдайга жараша ар кандай болду. Башында “ханституция” сунушталган учурда аябай көп келишти. Райымбек Матраимовго байланышкан акцияга катышкандардын саны көп болду.

Жүрүштү саясаттагы кишилер эмес, жарандык коом демилге кылгандыктан, “катышкыла, бизди колдогула” деген атайын үгүт жасалган жок. Социалдык тармактар аркылуу маалымат бердик, каалоочулар келип катышты. Катышуучулардын басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Уюштуруу иштеринин баарына жоопкерчиликти “Баштан башта” кыймылы моюнуна алат.

- Аймактардан ар жекшемби келип, араңарга кошулгандар деле болдубу?

- Ысык-Көлдөн бир айым үч жолу катары менен келди. Бишкек шаарынын сыртынан бир жигит такай катышып жүрдү. Сокулуктан, Ат-Башыдан келген тилектештерибиз болушту. Ар кайсы облустардан апта сайын болбосо да, кээде келип, арабызга кошулгандар бар.

"Азаттыктын" архиви. 6-декабрь, 2021-жыл.

- Милиция басым кылган жокпу?

- Кысым кылган жок, бирок күч кызматкерлери артыбыздан калбай жүрүп калганы чын. Аны байма-бай айтып чыккандан кийин аңдыганды токтотушту. Чынында, милиция биздин коопсуздугубузду коргоп берди. Анткени, акциялар учурунда бизге каршы митингдер болду. Ошондо милиционерлер бизди жакшы коргоду. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө ыраазыбыз. Алар биздин жүрүштөр үчүн 21 дем алыш күндү жумуш катары өткөрүштү. Акыркы жүрүштө алар менен коштоштук. Иштерин так аткарышканы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

- “Мыйзамдуулук үчүн!” жүрүшүн “Батыш каржылап жатканы” тууралуу пикирлер айтылып калбадыбы. Буга жообуңар кандай болот?

- Аны бизди жаман көрсөтүүнүн амалы десек болот. Андай каралоо мурда да болуп келген. Биздин аракеттерди дискредитация кылуу үчүн жасалган андай кадамдарга көнүп деле калдык. Катышуучулардын ар бирин анализдеп чыкса болот. Ар биринин өз иши, тиричилиги бар.

Жакында биз тынчтык жүрүшкө катышкан санаалаштар тууралуу атайын көрсөтүү сунуш кылабыз. Алар кимдер, каякта иштешет, максаттары кандай экени тууралуу айтып беребиз.

Каралоо оңой экен. Ага башында эле даяр болгонбуз. Садыр Жапаров деле “биздин артыбызда үчүнчү күчтөр турганын” айтканда, билдирүү таратып аны далилдеп берүүнү сураганбыз. Тилекке каршы, жооп ала алган жокпуз. Атамбаевдин учурунда да, Жээнбековдун учурунда да “үчүнчү күчтөр” күнөөлөнүп келбедиби. Кайсы үчүнчү күч? Ким ал? Буга жооп жок.

- Президенттин атын атап калдыңыз. Дээрлик жарым жылга созулган “Мыйзамдуулук үчүн!” жүрүшүнүн катышуучулары менен, же сиздердин “Баштан башта” кыймылынын өкүлдөрү менен бийлик башындагылар жолугушууга аракет кылып, ой-пикириңерди угуу тууралуу сунуштар болдубу?

- Жок. Анткени, Садыр Жапаров баш болуп бизди душман катары кабыл албадыбы. “Бузукулар, чыккынчылар” деп мүнөздөштү. Бул өтө өкүнүчтүү.

"Мыйзамдуулук үчүн!" жүрүшү. Декабрь, 2021-жыл.

- “Мыйзамдуулук үчүн!” жүрүшүнүн башка митинг-пикеттерден айырмасы транспаранттарда да болду окшойт. Апта сайын креативдүү чакырыктар жазылган плакаттарды көрдүк. Катышуучулар чогулуп кандай жазууларды көтөрүп чыгууну алдын ала макулдашчу белеңер?

- Талкуу, макулдашуу деген болгон жок. Бизде эркиндик бар. Ар ким каалаган ураан, плакат менен чыкты. Ошондуктан аябай креативдүү болду. Эч кимге эч кандай чектөө койгон жокпуз. Мисалы, активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров аптасына өзгөчө перформанс тартуулап турду. Президенттикке мурдагы талапкер Арстан Алайдын тарапташтары да кээде өздөрүнүн чакырыктарын көтөрүп алган учурлар болду. Негизгиси, мыйзамсыздыкка, зомбулукка чакырган ураандар болуп калбаса экен деп көңүл бурдук. Тилекке жараша, андай болгон жок.

Ар кандай шрифттерде, символдор жазылган өтө кызыктуу плакаттар болду. Ар бир ураандын артында мыйзамдуулукту көздөгөн чакырыктар бар. Айрым жазуулар эл арасында популярдуу болуп, ал тургай футболка жана башка кийимдерге басып чыгара башташпадыбы.

- Ал плакаттар акцияда колдонулган соң бир жерге чогултулдубу? “Баштан башта” кыймылы аларды сактап коёбу?

- Көбүн өзүбүзгө сактап калдык. Айрымдар плакаттарын кайра алып кетишкен.