Парламентте кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат.

Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, долбоорду талкуулоого Экономика жана финансы министринин орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси чакырылган.

Документтин авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков.

Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Долбоор кабыл алынса бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Олимпиадага жол: "Алтын кыз" ДарьяБишкекте жылуулук берүү токтотулдуПутин президенттик мөөнөттөрүн «жокко чыгаруу» тууралуу мыйзамга кол койдуШайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттүБелгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болдуБритан премьери Украинага чектеш жерде Орусиянын аскерлеринин көбөйтүлгөндүгүнө тынчсыздандыБоррел Евробиримдик Украинаны кыйшаюусуз колдоорун билдирдиСултанбеков менен Сагымбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдүНавальный абакта чогуу отургандардан кургак учук чыкканын билдирди