Өкмөт: Дарыгердин айлыгын көбөйтүү маселеси шартка жараша чечилет

Артем Новиков.

Өкмөт дарыгерлердин айлыгын көбөйтүү боюнча маселени өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө карап чече алат. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкекте нааразылык акциясына чыккан медицина кызматкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Новиков жумуштан коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселеси боюнча атайын комиссия иштеп жатканын, бардык көйгөйлөр 17-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде өтө турган жолугушууда талкууланарын айтты.

16-апрелде маянаны көбөйтүү, кенемте төлөө жана оорудан коргоо, коопсуздук көйгөйлөрүн айткан дарыгерлер тобу Жогорку Кеңештин алдына чыгышкан.

Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңи каза болду. Ооруну жугузуп алгандардын 4,3 миңи медицина кызматкери. Бул оорудан каза болгон дарыгерлердин саны жүздөн ашат.

Өкмөт каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, ооруну жугузуп алгандарга 200 миң сомдон төлөп келе жаткан. Быйыл 200 миңдик компенсация 75 миң сомго төмөндөтүлдү. (RK)

Дагы караңыз

Талас: Абакта баласын эмизе албай ооруп калган келин боюнча териштирүү башталдыАйсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду (видео)Иран уранды 60% байыта баштаганын жарыяладыИИМде Айзаданын өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү талкууланды