Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

ИИМде Айзаданын өлүмүн иликтөөнүн жүрүшү талкууланды


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Айзада Канатбекованын ишинин иликтениши боюнча маселени талкуулады.

Мекеменин басма сөз кызматы 16-апрелде билдиргендей, жыйында Коомдук кеңештин мүчөлөрү эгерде милиция кызматкерлери бардык чараларды көрүшкөндө, бул каргашалуу окуяны алдын алмак деген пикирге келишти.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары
Жолболду Көчкөнов тыкыр кызматтык иликтөө жүргөнүн, анын жыйынтыгында шалаакылык үчүн 44 кызматкер
жазаланып, бир нече жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.

Коомдук кеңеш сын менен катар милиция кызматкерлеринин оор кызматын түшүнүү керектигин белгилешти. Мындай окуяларды болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды бергени маалым болду.

5-апрелде үч адам Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен Айзада Канатбекованын жана аны уурдаган адамдын сөөгү эки күндөн кийин Бишкектин четинде талаадан, автоунаадан табылган.

Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы, Бишкекте да ага эки жыл мурда коркутуу боюнча арыз милицияга түшкөнү белгилүү болду. Бирок милициянын ага эмнеге чара көрбөгөнү белгисиз.

Окуя коомдо катуу резонанс жаратып, 8-15-апрелде активисттер, укук коргоочулар жана бир катар шаар тургундары ИИМдин алдына чыгышып, министрдин иштен кетишин талап кылышты.

ИИМ кыз уурдалгандан кийин убагында аракет көрбөй, шалаакылык кылгандар тиешелүү жазасын алганын билдирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG