COVID-19: Вирус дагы 265 адамдан табылды, эки бейтап каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарындагы ооруканаларда жатышкан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1546 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 265 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (148) жана Чүй облусунда (80).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 91 639 адамга жетти.

Бир күндө 152 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1130 адам жатат, дагы 1223 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4,5 миңге жетти, алардын жүздөн ашууну каза болду.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Марттын ортосунан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. (RK)

Дагы караңыз

Өкмөт: Дарыгердин айлыгын көбөйтүү маселеси шартка жараша чечилетЖапон өкмөтү Чүйдөгү байыркы эстеликтерди коргоого көмөктөшөт"Кемпир-Абаддагы" акцияга чыккандар Ташиевди чакырдыТалас: Абакта баласын эмизе албай ооруп калган келин боюнча териштирүү башталды