Бишкекте бир нече каттамдын айдоочулары ишке чыкты

Бишкектеги кичи автобустардын бири. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарындагы бир нече каттамды тейлеген кичи автобустар 5-июнда ишке чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Калаа жетекчилиги айдоочулар менен сүйлөшүү дале уланып жатканын, алардын ичинде бир тобу ишин улантып турууга макул болгонун билдирет. Ошол эле мэрия убакта кээ бир кичи автобустардын айдоочулары транспорттун сыртына “жол акы 15 сом” деп жазып алганын айыптап, аларга чара көрүлөрүн эскертти.

Бишкекте 2-июнда шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш таштаган. Алар алгач маршруттук таксиге жол кирени 15 сомго, кийин 20 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан. Мэрия төрт күндөн бери алар менен сүйлөшүп, маселени чече албай жатат.

Коомдук транспорттун айдоочулары жыл башында да нааразылык акциясына чыккан.

Бишкек шаардык мэриясы абалдан чыгуунун үч жолун сунуштаган. Эң ыңгайлуу жол катары маршруттук таксинин баасын – 15 сом, муниципалдык транспорттукун (тролейбус, автобус) 11 сомго көтөрсө болорун билдирген. Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (ErN)

Дагы караңыз

Ойдогу жазууну экранга көчүргөн илимдин күчүМайыптыгы бар балдардын айтылбаган көйгөйүТашиев тик учактын кырсыктаган себебин түшүндүрдүЕвробиримдик Facebook компаниясынын маалыматтарды колдонгонун иликтейт“Садыр Жапаровдун тууганымын” деп 5 миң доллар акча алган жаран кармалды