Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Армения. 20-июнь, 2021-жыл.

Арменияда бүгүн, 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. "Азаттыктын" армян кызматы кабарлагандай, анда 21 партия жана төрт блок ат салышууда.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян "Жарандык келишим" партиясынан өкмөт башчылыкка талапкер. Негизги атаандашы - "Айастан" ("Армения") партиясы, лидери - мурдагы президент Роберт Кочраян.

Парламентке өтүү үчүн партиялар добуштардын 5%, блоктор 7% алышы зарыл.

Шайлоочулардын саны 2,5 миллион. Жараянга сегиз эл аралык уюмдан 483 байкоочулар көз салууда.

Gallup International Association уюмунун армян өкүлчүлүгү жарыялаган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 51% көбү сөзсүз добуш берерин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 28,7% Кочаряндын партиясын, 25,2% Пашиняндын партиясын колдой турганын айтышкан.

Карабак үчүн күрөштө Азербайжан утушка жеткенден кийин Армениянын оппозициясы Пашиняндын бийликтен биротоло кетишин талап кылып келүүдө. Пашинян быйыл апрелде шайлоого байланыштуу отставкага кетип, бирок өкмөт башчынын милдетин аткара баштаган.

Дагы караңыз

Түркия: кыргызстандыктар опузалоого шектелип кармалганы кабарландыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиЯлтада селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды Жарандык коом маалымат мыйзамын четке кагууга чакырдыРаисини алгачкылардын болуп Путин менен Эрдоган куттуктадыШайлоону утурлай биометрикалык маалыматтар чогултула баштады Грузиянын министри Бишкек-Батуми авиакаттамы ачыларын билдирди