"Тун бала турнаныкы" же эне-баланы ажыраткан салт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тун наристесин кайын журту багып алган эненин абалы кандай болот? Психолог Жибек Кенжебаева "Небере алуу" көрүнүшүнүн энеге тийгизген таасири" деген темада илимий изилдөө жүргүзгөн. Кыргыз коомунда кеңири кездешкен бул көрүнүш жөнүндө автор менен маек курдук. Аталган илимий ишти Борбор Азиядагы Америка университети "мыкты магистрдик диссертация" деп тааныды.