Ошто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды

Шектүү кызды ээрчитип бара жатканы видео байкоого түшүп калган.

Ош шаарында эки жарым жаштагы бөбөктү уурдоого шек саналып, 38 жаштагы Алай районунун тургуну кармалды. Шектүү 3-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шаардык милициянын маалыматында бөбөк 2-июль күнү жоголгон.

«Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, тийиштүү иш-кагаздарды чогултуп, ошол жердеги видео байкоочу камералар каралган учурда, жоголгон наристени азият улутундагы жашы 35-40 чамасындагы эркек киши сүйлөп, ээрчитип баратканын аныкташкан», деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ишти Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Киши уурдоо") менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Коомдук тармактарда кыз жоголгон жана табылган учурда тартылган видеолор жарыяланууда. Тасмада кыз көйнөгү жок абалда табылган. Милиция кызга тиешелүү экспертизаларды дайындап, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (DU)

Дагы караңыз

"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда"Жаштардын көңүлүн билимге бургубуз келет"Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркадыВероник Гаррет: Майыптыгы бар балдарга мээрим керекЧоң базарда алданган жоош келин