Бишкек: шаардык кеңешке алты партия өтүп, мандаттар бөлүштүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, аны өттү деп тапты. Мекеме мындай чечим 17-18-июль күндөрү жыйынтыктоочу жыйында кабыл алынганын билдирди.

Кайра шайлоого катышкан 18 саясий партиянын ичинен алтоо 7 пайыздык босого чектен өттү. Ага ылайык "Эмгек" 11 мандат, "Ата-Журт Кыргызстан" 9 мандат, "Ишеним" сегиз мандат, "Ынтымак" жети мандат, "Өнүгүү-Прогресс" менен "Социал-демократтар" партиялары бештен мандат алды.

Бишкекте 227 шайлоо тилкесинде 104 141 шайлоочу добуш берип, 710 бюллетень жараксыз деп табылды.

Кыргызстанда быйыл 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.

Бул үч шаардык кеңешке өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар.

Дагы караңыз

Тажикстанга аткезчилик менен көмүр ташып бараткандар кармалдыТажикстанга кире качкан оогандык кыргыздар артка кайтарылдыПрезидент Жапаров суу ташкынга байланыштуу Германияга көңүл айттыCOVID-19: дагы 11 адам көз жумду, вирус 1287 кишиден аныкталды