Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Президент Жапаров суу ташкынга байланыштуу Германияга көңүл айтты


Суу ташкындын кесепети. Германия. 17-июль, 2021-жыл.
Суу ташкындын кесепети. Германия. 17-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Германиядагы суу каптоонун кесепетинен каза болгондорго байланыштуу немис канцлери Ангела Меркелге жана президент Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты.

“Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат аларга жолдонгон катта.

Германиянын батышындагы суу ташкындан каза болгондор 130 адамдан ашты.

Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан ашып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн.

Суу ташкындан негизинен Германия, Бельгия, Нидерланддар жана Люксембург жабыркады. Суу Швейцария, Австрия жана Чехиянын айрым бөлүктөрүнө чейин жетти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG