Чехияда курал менен коргонуу укугу Баш мыйзамга киргизилди

Чехиядан чыккан "Скорпион" деп аталган курал.

Чехиянын Баш мыйзамындагы адам укугу жана эркиндиги декларациясына өзүн жана башкаларды курал менен коргоо киргизилди.

Мындай чечимди Сенат – парламенттин жогорку палатасы кабыл алды. Буга чейин төмөнкү палата жактырган. Бул документ конституциялык мыйзам болгондуктан, президенттин вето коюуга укугу жок. Андыктан мыйзамга өзгөртүү 1-сентябрдан кеч эмес күчүнө кирет.

Европа Биримдигинин курал мыйзамдарын таттаалдаштыруу демилгесине байланыштуу Чехияда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сенаторлор тобу сунуштаган.

Европада Чехия ок чыгаруучу куралды эркин колдонгон өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө каалаган жаран атайын сынак тапшырып жана бир катар шарттарды аткарып коргонуу үчүн курал алса болот.

Дагы караңыз

Казакстан: акимдерди түз шайлоо башталдыЭлчилик депутаттын депортация боюнча билдирүүсүн төгүндөдүАдвокат: Атамбаев дагы бир кылмышка шектелүүдө