Президент депутаттарды кайрадан резиденцияга чакырды

 Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен бейрасмий форматта жолугуп, күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Азаттыктын» парламенттеги булактары депутаттар сый-тамакка чакырылганын билдирди.

Президент менен депутаттар 22-июлда дагы мамлекеттик резиденцияда жолуккан. Анда бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорго байланыштуу сөз болгону белгилүү болгон. Президент менен жолугушуудан кийин депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берген.

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган. Алар: “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору.

Дагы караңыз

Москва: мушташкандардын кесепети мигранттарга тийдиКыргызстандагы вебкам-бизнеси: шантаж, зордук, суицидТокио-2020: сүрөттө калган ирмемдерТокио-2020: суучул Денис Петрашов 18-орунду ээледи