Талас районунун акиминин орун басары пара менен кармалды

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. УКМКга таандык сүрөт.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.К.Р оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Талап кылынган паранын 30 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (МТа)

Дагы караңыз

Үсөн Сыдыков турмушунда күрөшчүл адам элеБизнес-акыйкатчы: Экономикада өзгөчө кырдаал жарыялоо терс таасир бериши мүмкүнСаясатка аттанган аялдар үчүн академия ишке кирди"Адам сатуунун жаңы формаларын байкадым"