Жапонияда тайфундан улам 300 миңге чукул адам коопсуз жакка көчүрүлөт

"Хайшен" тайфунунан улам жүргөн жер көчкүдөн төрт киши дайынсыз жоголгон. Миязаки префектурасы, Жапония. 7-сентябрь, 2020-жыл.

Жер көчкү жана күтүлүп жаткан "Лулит" тайфунуна байланыштуу кеминде 291 миң адам коопсуз жакка көчүрүлөт. Эн-эйч-кей каналы дүйшөмбүдө маалымдагандай, тайфун Хиросима, Симанэ прэфектураларында жана борбордук Айти тарапта болушу мүмкүн. Ошол эле убакта жапон бийлиги өлкөнүн түштүк батыш аймагындагы ыктымал эвакуацияны токтотту.

Тайфун жүрүп жаткан аймактардагы шамалдын ылдамдыгын секундуна 35 метрге чейин жетүүдө. Ушул тапта "Лулит" Жапониянын батышынан түндүк-чыгыш тарабына көчө баштаганы кабарланды.

2019-жылы Жапониядагы "Хагибис" тайфунунан 73 киши каза болуп, 10дон ашык адам дайынсыз жоголгон.

Дагы караңыз

Токиодо Олимпиада оюндары аяктадыГрек аралындагы өрттөн жергиликтүү тургундар көчүүгө мажбур болдуВенгрия: ЛГБТ тууралуу талаштуу мыйзам бир айда күчүнө кирет#Мен_Ферузамын. Өзбекстанда журналистти колдогон акция башталдыАскар Акаев кайра Москвага учуп кеттиАкаев Кумтөр боюнча катасын моюнга аларын айтып, элден кечирим сурады