Иранда өспүрүмдөргө нике кыйган учурлар көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын расмийлери 2019-жылга караганда 2020-2021-жылдары өспүрүм курактагыларга нике кыйган учурлар көбөйгөнүн маалымдаган.

Ирандын мыйзамы боюнча кыздарга 13 жаштан турмушка чыкканга, уул балдарга 15 жаштан үйлөнүүгө уруксат берилген. Бул курактан ылдыйкыларга ата-энесинин макулдугу менен нике кыйылышы мүмкүн.

Бирок Ирандын Статистика мекемесинин билдиришинче, азыркы учурда өлкөдө 10-14 жаштагы кыздарды турмушка берген учурлар 2019-жылга караганда 10,5 пайызга өскөн. Андагы статистикалык маалымат боюнча 2020-жылы нике жашына жете элек 28 миң 373 жубай баш кошкону көрсөтүлгөн.

Бирок бул сан никеси расмий түрдө мамлекеттик каттоодон өткөндөрдүкү гана. Ошондуктан никеге турган өспүрүмдөрдүн саны мындан бир топ жогору болушу мүмкүн экени айтылды.

Кыргызстанда кыздарга никеге турууга 18 жаштан уруксат берилет.

Дагы караңыз

Казакстандагы аскердик машыгууга президент Токаев катыштыӨзбекстанда дагы 400 ооганга утурумдук башпаанек берилдиТаласта акындардын республикалык айтышы башталды Кабул аэропорттундагы тыгындан жети ооганстандык каза болду