Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Кабул аэропорттундагы тыгындан жети ооганстандык каза болду


Кабул аэропортунда каза болгондор.
Кабул аэропортунда каза болгондор.

21-августта Кабул аэропортунда болгон тыгылыштан жети ооганстандык жайкын тургун каза болгонун, алардын басымдуусу аялдар экенин Британиянын аскерий күчтөрү кабарлады.

Адамдардын көбү учакка отурууга умтулуп, чоң тыгында тебелендиде калышты, айрымдары суу жетпей эстен танганы маалым болду.

21-августта АКШнын Кабулдагы элчилиги аэропортко АКШ өкмөтүнүн көрсөтмөсү болмоюнча калкты барбай турууга чакырган. Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө "Ооганстандагы абал өтө оор бойдон калууда".

Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел АКШнын 31-августка чейин миңдеген адамдарды Ооганстандан эвакуациялоо максатын "арифметикалык жактан мүмкүн эмес" деп баалады.

15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

АКШнын президенти Жо Байден 20-августта Ооганстандан 13 миң адам чыгарылганын билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG