Шаханов: Айтматовдун көзү өткөндөн бери өзүмдү жалгыз сезем

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

23-августта А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Казакстан Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов менен жолугушуу өттү. Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Быйыл 79 жашка чыккан Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бекем достук мамиледе болгон.