Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Кыйын күндө үн каткан кыргыз-казак төкмөлөрү


Казакстандык төкмө акын Сыягүл Бирлесбек.
Казакстандык төкмө акын Сыягүл Бирлесбек.

Казакстандык төкмө акын Сыягүл Бирлесбек Кыргызстанда январь айынын соңунда маңзат колдонууга шек саналып кармалып, үй камагына чыккан Болот Назаровду жана ушундай эле айыптар тагылган иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоп ырдап чыгып, кыргыз коомчулугуна таанылды.

Буга чейин кыргыздын айрым акындары да Казакстандагы январдагы кандуу окуяларда казак элин колдоп ырдаган.

"Саяш акын"

Кайрылуу ырында казак акыны Сыягүл Бирлесбек кызы Болот Темиров менен Болот Назаровдун күч менен кармалышын сындап, чындыкты айтуу акындардын парзы экенин белгилеген.

Акын кыз “Азаттыкка” курган маегинде журналист менен акындын кармалышын сөз эркиндигине, демократияга болгон кастык деп сыпаттады.

Сиягүл Бирлесбек кызы.
Сиягүл Бирлесбек кызы.

“Көз карандысыз журналист менен акынды мазак кылабыз деп өздөрү уят болду. Себеби, кыргыз боордоштор ак менен караны күн менен түндөй ажыратып турат. Кыргыз боордошторго мындай күн түшкөндө тынч жата албадым. Өзүм да Болоттор менен ниеттеш болгон соң, бул ишти бир адамдын, бир элдин ичинде болуп жаткан жагдай дей албайм. Бул эл камын ойлоп, жемкорлор менен адилетсиздикке каршы күрөшкөн ар адамдын башына келиши мүмкүн. Ошондуктан мындайда бири-бирибизди колдоп турушубуз өтө маанилүү. Бир чети кыргыз менен казак байыртан жакын эл. Бизден мурда да Токтогул, Сүйүнбай, Жамбылдар туура жол салып кетишкен. Биздин да милдет жай гана айтыштарда жолугуп беш мүнөт ырдап кетүү эмес, кези келгенде кыйын кырдаалдарда колдоо”.

Казакстандын Алматы шаарында жашаган 27 жаштагы Сыягүл айтыш өнөрүндө "Саяш акын" деген ат менен таанылган. Кытайда туулган казак кызы мындан 12 жыл мурун тарыхый мекенине көчүп келген.

16 жашынан тарта айтыш өнөрүнө аралашкан акын кийинки учурларда бийликке сын айтканы үчүн айтыштардан четтеп калганын да жашырган жок.

“Казакстанда чындыкты айтуу кыйын. Акыркы окуялардан улам өлкөнүн саясий-коомдук турмушунда өзгөрүү бар. Азыр көптөр Токаевди жапырт мактап, “Жаңы Казакстанды” түзөт деп үмүттөнүшөт. Менимче, чынчыл адам бир дүйнөнүн жакшы менен жаман жагын да көрө билиши керек. Тек гана мактай берүү эл башына келген президентти көкөлөтүп жиберет. Мен айрым казак жарандарын ушундай кошоматчылыктан арылса деп тилейм”.

Сиягүлдүн 2021-жылдын июнь айында “Азаттыктын” казак кызматына “Бийликти сындап айтыштан куулган акын” деген темада маеги жарыяланган.

"Маңзат колдонгон" деген шек менен кармалган төкмө акын Болот Назаров 23-январдын түнү соттун чечими менен үй камагына чыккан. Назаров соңку убактарда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен бирге иштешип, бийликти сындап, коррупциялык иштерди ырга салып төгүп жүргөн.
Анын бийликти ашкере сындап, “Айт, айт десе” YouTube каналы аркылуу “Эки дос”, “Камчыке кара калкыңды”, “Жем баштуу жегичтер” , “Сырдуу учак”, “Жемкорлукка” аттуу кайрылуу ырларын ырдаган. Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалышын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө байланыштырган.

Нурсултандын термеси

Коңшу өлкөдөгү тополоң башталганда кыргыз акыны Нурсултан Малдыбаев “Казак элине көңүл айтуу” аттуу жогорудагы термесин ырдап чыкты.

Ал бул ырды Казакстанда элдик толкундоолор күчөгөн учурда ырдаган. Малдыбаев термеси Кыргызстанга караганда Казакстандын социалдык тармактарында көп тарап, WhatsApp тайпаларынан баштап, казак телеканалдарына чейин жеткенин айтууда.

22 жаштагы Нурсултан термени ырдап чыккандан кийин айрым казак жарандарынын кыргыз коомчулугу тууралуу ою өзгөрүп, ыраазычылык билдиргендери да болду дейт.

Нурсултан Малдыбаев.
Нурсултан Малдыбаев.

“Буга чейин кыргыздарды жаман көрсөм, эми жакын көрүп калдым деген казактарга кубандым. Ал эми кыргыз тараптан жалпы элдин тилегин билдирдиң деп айткандарды угуп, эмгегим текке кетпептир дедим. Анткени, буга чейин нечен айтыш өттү кыргыз-казак ортосунда. Андайда айрым эки акындын мамилеси келише албай калса, эки элдин ортосуна доо кетириши мүмкүн. Антсе да “элдештирмек элчиден” деген кеп бар. Казак элинин башына кыйынчылык түшүп турганда кайрылуу кылып колдоп ырдап койгонум туура кадам болду го ойлойм. Бул ынтымактуу бекемдөөчү нерсе”.

“Төкмө акындардын сахнада өзүнө тиешелүү жоопкерчилиги болсо, сахнадан сырткары да милдеттери бар” деген Нурсултан эки боордош элдин төкмө акындары илгертен эле оош-кыйышта көңүл айтуу жөрөлгөсүн улантып, бир туугандык ымаладан алыстаган эмес дейт.

2022-жылы январь айынын башында болгон Казакстандагы кандуу окуяларда аталган өлкөнүн бийлиги өлкө боюнча жалпы 227 адам каза тапканын ачыкка чыгарды. Мурдараак өлгөндөрдүн саны 164 экени кабарланып, кийин аны бийлик төгүндөгөн болчу.
Эл аралык уюмдар казак өкмөтүн маалыматтарды жашырууга айыптап, тополоңдо кармалгандар менен каза болгондордун санын так айтууга чакырган эле.

Ал кезинде казактын таанымал акыны Кенен Азербаевдин эки баласы кайтыш болгондо, кыргыз акыны Осмонкул Бөлөбалаев келип, кайрат айтып, кайгысын бөлүшүп ырдаганын бир мисал кылат.

Казакстандын айтыш коомунун төрагасы, төкмө акын Сезимхан Шугайып 1932-жылдары казак элиндеги ачарчылыкта кыргыздар кол сунуп көмөк кылганын, Токтогул Сатылганов Сибирден кайтып келе жатканда казактын кашкөй акыны Жамбыл Жабаев тосуп алып, астына ат берип, үстүнө тон кийгизгенин эске салып, бул боордоштук азыркы учурда деле уланып жатат деген ойдо.

Шугайып эки элдеги сөз эркиндигин салыштырып, алардын акындарга тийгизген таасири тууралуу буларга токтолду:

Сезимхан Шугайып.
Сезимхан Шугайып.

“Бизде ыры үчүн соттолуп кеткен акындар жок. Бирок, акыйкатты айтканы үчүн кээ бир акындарыбыз айтышка катышуу укугунан ажырап калды. Кээ бир айтыштардын өтүшүнө чек коюлду. Мындан бир канча жыл мурун казак элинин акыйкатчыл акыны Ринат Зайытовду алып кетип камашып, бир күндөн кийин бошотушту. Ушул сыяктуу жагдайлар болуп турат. Бирок биздин акындар деле “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген макалды туу тутуп, хандан да, бектен да тартынбай, акыйкатты айтып келе жатышат".

Соңку кездери кыргыз-казактын саясий маселелери да айтышта курал катары атаандашка колдонулуп келгенин билебиз. Эл акыны, 1996-жылдан 2001-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болгон Акбар Рыскулов бул акындардын интеллектуалдык деңгээлинен көз каранды дейт.

Акбар Рыскулов.
Акбар Рыскулов.

“Кыргыз-казак айтышынын деңгээли эки элдин акындарынын көрөңгөсүнө жараша болот. Көп изденген, көп окуган акын айтышта бийиктигин көрсөтөт. Эгерде төкмө акын түркөйүрөөк болсо, анда сахнада ошончолук күтүүсүз нерселерди, аялуу маселелерди айтып жибериши мүмкүн. Айрым айтыштарда упай алуу максатында ушундай учурлар катталат. Ал эми бардык тарабынан төп келген, билими бар талант жеңилдикке жол бербейт. Негизи эле кыргыздын да, казактын да төкмө акындары дүйнөлүк адабиятты окуса жакшы болмок. Айтыштын казынасы да улам байып турушу шарт”.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG