Кызыл-Кыяда экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу талкууланды

Кызыл-Кыя шаарындагы жыйын.

Кызыл-Кыя шаар аймагында 2021-жылдын башынан бери диний экстремизмге байланышкан беш учур катталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди .

24-26-август күндөрү милициянын демилгеси менен шаардын активисттери, мечит имамдары катышкан терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Бул иш-чара улуттар аралык кастыкты козутуунун, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулган. Андан сырткары жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги да айтылды.

Кызыл-Кыя шаар аймагында өткөн жыл ичинде экстремизимге байланышкан үч учур катталган. (JsA)

Дагы караңыз

Байматовдун билдирүүсү кыргыз футболуна сынды күчөттүПрезидент чек ара жаңжалында талкаланган Максат айылына барат Бийлик олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучуларды сыйладыCOVID-19: АКШ Кыргызстанга 3,7 миллион сомдук гумжардам бердиПакистандык студент: Кыргызстанда медицина бааланбайт