1-сентябрда айрым аймактарда өткүн өтөт

1-сентябрь күздүн алгачкы күнү.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.

Дагы караңыз

Кыргызстанда окуп кеткен оогандыктар Жапаровго кайрылдыЖусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылдыЭгемендикке 30 жыл: Кыргызстан баскан татаал жолЭгемендик: эл чыйырды өзү салдыКаптагаев: Эркин сүйлөө да чоң жетишкендик