«Улуттук электр тармактары» ишканасынын жетекчиси алмашты

Жолдошбек Ачикеев.

«Улуттук электр тармактары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, директорлор кеңешинин чечими менен башкы директор Эмил Куданалиев кызматтан алынып, анын ордуна Жолдошбек Ачикеев дайындалды. 1-сентябрда жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды.

Ачикеев эмгек жолун мурдагы КыргызЭнерго ишканасында баштаган. Быйыл февраль айынан бери Улуттук энергохолдингдин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Куданалиев бул кызматты 2019-жылдан бери аркалап келген.

«Улуттук электр тармактары» – электр станциялары өндүргөн энергияны өлкө аймагына жогорку вольттуу түйүндөр аркылуу бөлүштүрүүчү ишкана. (RK)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш ишин баштадыМектеп мугалимдеринин айлыгы канча болушу керек?"Центерра": Кумтөрдө топтолгон суу катастрофалык кесепетке алып келиши мүмкүнРахмон абактагы 16 миң кишиге ырайым кылат