Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

"Центерра": Кумтөрдө топтолгон суу катастрофалык кесепетке алып келиши мүмкүн


Кумтөр. Сүрөт 2021-жылдын июнь айында тартылган.
Кумтөр. Сүрөт 2021-жылдын июнь айында тартылган.

Канадалык «Центерра» компаниясы Кумтөр алтын кениндеги борбордук карьерде топтолгон суунун деңгээли кендин өзүнө жана анда иштеген жумушчуларга «катастрофалык кесепет алып келиши ыктымал» деген кооптонуусун билдирди.

Компания 1-сентябрда тараткан билдирүүдө борбордук карьердеги суу кеминде 40 метр экени, ишкананын 25 жылдык тарыхында эч качан мындай болбогону, маселени тез арада чечүү керектиги айтылды. Билдирүүгө социалдык түйүндөрдөн алынды деген сүрөт жана видео тиркелди.

«Карьерге суу толуп, четтеринен өтө көп суу агып жатат» деп айтылат «Центерранын» билдирүүсүндө.

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» бул билдирүүсүн калп деп атоодо. 1-сентябрда ал «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бул накта калп. Каалаганын жазып жатышат. «Центерра» өтө көп басылмаларга акча төлөп койгон. Суу каптады дегени эмнеси? Августтун планын аткардык. Паровоздой иштеп жатабыз. Мындай ушак сөздөргө убактымды да короткум келбейт».

Министрлер кабинети парламенттин чечими менен «Кумтөрдү» башкарууну быйыл май айында үч айга өзүнө алган. 17-августта тышкы башкаруунун мөөнөтү узартылды.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. (RK/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG