Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:55

2-сентябрдын аба ырайы: Кээ бир жерлерде өткүн өтөт


Кыргызстан.

2-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG