АКШда "Ида" бороону 50гө чукул адамдын өмүрүн алды

Луизиана штатында бороондон жүздөгөн турак-жай жабыркады.

АКШда "Ида" бороонунан кийин башталган күтүүсүз суу ташкын 48 адамдын өмүрүн алды. Нью-Жерси штатында курмандыктар көп катталган.

Бир катар штаттарда катуу шамалдан улам, бак-дарактар кулап, жүздөгөн үйлөр жабыркаган. 2-сентябрда 170 миңдей адам жарыксыз калды.

Төртүнчү деңгээлдеги бороон алгач Луизиана штатын каптаган.

Нью-Жерси менен Нью-Йоркто чукул кырдаал жарыяланды. Бийлик жол тазалаган бригадалар иштеп жаткан учурда жарандарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

АКШ президенти Жо Байден бейшембиде элге кайрылып, "Ида" бороону, суу ташкыны жана токойдогу өрт климаттык кризистин көрсөткүчү деп билдирди. Президент өлкө жаратылыш кырсыктарына даяр болушу керектигин эскертип, Конгресске энергосистеманы жана инфраструктураны каржылоону камтыган чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

"Ида" мындан 16 жыл мурун Жаңы Орлеанда болгон "Катрина" кырсыгын эске салды. Анда 1800дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирдиЖалал-Абадда милиция бөлүмүнө алып келинген киши каза болдуКыргызстан “Танк биатлонунун” 2-дивизионунда биринчи орунду ээледиКой-Ташта каза болгон офицердин апасынын арызы боюнча сот чечими чыкты