Дөөлөт Сыдыков 111 саат Манас айтты

Дөөлөт Сыдыков

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн “Манас” айтуусун жыйынтыктады. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Сыдыков жалпысынан 111 саат Манас айткан.

Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өткөн.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал буга чейин 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий катталган эмес.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган.

Ал Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган. (МТа)

Дагы караңыз

Эмне үчүн Кыргызстанда балдар кооптуу шартта окушат?"Шамбала" тасмасы Москвадагы фестивалда сыйлыкка татыдыКечки Азаттык (2-чыгарылыш)Панжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат