Активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан кармалганы кабарланды 

Орозайым Нарматова.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы өкүлү Замир Шамшидин уулу "Азаттыкка" партиянын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин 10-сентябрда билдирди.

"Таңкы 4:30 чамасында партиянын юристине Орозайым Нарматова Ош аэропортунда тергөөчүлөр тарабынан кармалып турат деген кабар келген. Биз юрист Сейитбек Довлотов менен барганда киргизишкен жок. Бир канча убакыттан кийин ал жерден тергөөчүлөр Нарматованы соттун чечими менен Бишкекке алып кетишкенин айтты. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган".

Шамшидин уулу тергөөчүлөр Нарматованы Бишкекке автоунаа менен алып кетишкенин айтты. Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары маалымат бере элек.

Кененирээк макаладан окуңуз: Бийликти сындаган активист кармалды

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Бир кезде президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. (МТа)

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык Дүйнө жүзү боюнча суицид көрсөткүчүӨзбекстан: Мирзиёевдин талапкерлиги расмий көрсөтүлдүCOVID-19: Молдовада кайрадан чектөөлөр киргизилди