Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Өзбекстан: Мирзиёевдин талапкерлиги расмий көрсөтүлдү


Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги курултайда. 9-сентябрь, 2021-жыл.
Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги курултайда. 9-сентябрь, 2021-жыл.

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы президент Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер кылып бекитти. Мирзиёев мындай сунушту өкмөтчүл партиянын 9-сентябрда өткөн курултайында кабыл алды.

Ал эгер экинчи мөөнөтк шайланып калса, келечекте бир катар социалдык, экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзөрүн айтты. Ар бир үйгө жогорку ылдамдыктагы интернет киргизүүнү, ички дүң жыйымдын киши башына үлүшүн 1700 доллардан 4 миң долларга чейин чыгарууну, журналисттерди коргоого алууну убада кылды.

Бир катар укук коргоо уюмдары жана активисттер Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери Өзбекстанда терең реформаларды ишке ашыра албаганын белгилеп келишет.

Мирзиёев өзүнөн башка дагы төрт киши катыша турган президенттик шайлоону оңой эле жеңип чыгары күтүлүүдө. Ага чейин өлкөнү узак жылдар бою башкарган Ислам Каримов да Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясын кайра-кайра президенттик шайлоого катышуу үчүн колдонуп келгени белгилүү.

Каримовдун ордун баскан президент өзүн реформачыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылып, саясий туткундарды бошоткон жана өлкөнүн тышкы дүйнөгө ачылышына көмөктөшкөн. Оппоненттери анын көп тармакта жылыш жасай албаганын айтып келишет.

Маселен, ал Өзбекстанда оппозициянын болушуна каршы эмес экенин билдирген. Октябрда өтүүчү президенттик шайлоого көз карандысыз талапкерлер каттала алышкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG