Талас: Милиция өзгөчө оор кылмышка шектүүнү издөөгө жардам сурады

Кылмышка шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Таласта милиция өзгөчө оор кылмышка шектүү жергиликтүү тургунду издеп жатканын бүгүн 21-сентябрда билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, издөө 1-июлда жарыялаган.

Мекеме билдиргендей, Кара-Буура районунун 50 жаштагы тургуну Бактыбек Биримкулов алигүнчө изин жашырып качып жүрөт.

Милиция кылмышка шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, аны табууга жардам сурады.

Сүрөттө көрсөтүлгөн адам 16 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөнү, кыздын беш айлык боюнда бар экени аныкталганын апасы "Азаттыкка" билдирди.

Милиция изделип жаткан адам кайсы кылмышка шектүү экенин маалымдаган жок.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2021-жылдын алты айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда кылмыштуулук 46% өскөн. Кылмыштардын ичинен киши өлтүрүү 26%, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 34% көп катталган. (MKt)

Дагы караңыз

“Азаттык” жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды Кыргыз композиторлорунун мааракеси белгилендиЖакындары Шинжаңда кармалгандар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чыгышты