Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Жакындары Шинжаңда кармалгандар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чыгышты


Нааразылык билдирип чыккан этностук казактар. Нур-Султан, 21-сентябрь, 2021-жыл
Нааразылык билдирип чыккан этностук казактар. Нур-Султан, 21-сентябрь, 2021-жыл

Жакындары Шинжаңда камакта отурган же куугунтукка кабылган казактар шейшембиде Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Жети айдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыгып келгендер нааразылык акциясын уланта берерин билдиришти.

Консулдуктан эч ким чыгып, алардын арыз-муңун уккан эмес. Акция катышуучулары консулдуктун алдына чатыр тигип, түнөйбүз дегенде полиция ага тыюу салган. Этностук казактар туугандары Шинжаңда негизсиз эле кайра тарбиялоо лагерлерине же түрмөлөргө жөнөтүлгөнүн айтышат.

Бээжин лагерлерди тилге жана кесипке үйрөтүүчү жайлар деп сыпаттап, куугунтук тууралуу айыптоолорду четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG