Кара-Сууда алдамчылыкка шек саналган депутат камалды

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн депутаты жер сатууга байланышкан алдамчылыкка шек саналып камалды.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын үстүнөн күч органдарына жергиликтүү тургун даттанган.

Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши ачылып, эки жылга жакын иликтөө жүргөн.

56 жаштагы депутат 17-сентябрда кармалды. Жергиликтүү соттун 19-сентябрдагы чечими менен милициянын убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды. (SE)

Дагы караңыз

Баш прокурор: Асановго жана Молдокматовго козголгон иштердин жүйөсү барЫсык-Көлдөгү эс алуу жайларын кооздогон айкелчиКумтөр: "Центерранын" экинчи дооматыОрусиядагы шайлоодо талапкер болгон боордошторЗеленскийдин жардамчысынын машинеси аткыланды