Текебаев шайлоого "Ата Мекенди" жетектеп барат

"Ата Мекен" партиясынын бешилтиги.

Бишкек шаарында өтүп жаткан "Ата Мекен" партиясынын 14-съезди жыйынтыкталды. Партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин бекитүү 11-октябрга калтырылды.

"Ата Мекен" партиясын бул жолу шайлоого партия лидери Өмүрбек Текебаев өзү баштап барат. Съезд учурунда тизменин алгачкы бештиги белгилүү болду.

Алар: Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Али Токтакунов, Наталья Никитенко.

Буга чейин "Ата Мекен" менен "Реформа" партиялары "Эгемен" атуу коалиция түзгөнүн жарыялашкан. Кийин ага "Туран", "Ак калпак", "Эгемен Кыргызстан", "Каныкей" коомдук кыймылы кошулганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 170тен ашты. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (МТа)

Дагы караңыз

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайтКыргызстанда көмүр баасы көкөлөдүШайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп жатышатДональд Лу: кыргыз жаранынын Пенсильваниядагы өлүмү кылдат иликтенет