"Кыргызкөмүр": Көмүрдүн баасын жөнгө салуу аракети көрүлүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча чара көрөт. Бул багытта тийиштүү аракет көрүлүп жатканын 11-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов билдирди:

“Албетте, Министрлер кабинети да кырдаалга жараша өзүнүн иш-аракетин жасап жатат бааны жөнгө салуу боюнча. Мурунку жылдардын тажрыйбасын карасак, 2017-жылы ушундай кырдаал түзүлүп, көмүр дефицит товарга айланып, өкмөттүн экинчи базардагы көмүр баасын жөнгө салуу боюнча монополияга каршы агенттикке тапшырма берген атайын токтому чыккан. Бүгүнкү күндө да ошондой иш-чаралар камданып жатат. Монополияга каршы агенттикке тапшырма жана укук берилет болуш керек көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча”.

Маалым болгондой, Кара-Кеченин өзүндө көмүрдүн бир тоннасынын наркы былтыркыдан өзгөрбөстөн быйыл да 1330 сом болууда.

Бишкек шаарында Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылып жатат, бул өткөн жылга салыштырганда 1400 сомго чейин кымбат.

Баткенде жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда.

Октябрь айында аба кескин сууктап кетип, көмүр да кымбаттай түшкөн. Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындашкан. (RK)

Дагы караңыз

Жалгыз бой эне алсыз эмесПольшада Евробиримдикти жактаган демонстрация болдуТыңшоолор мыйзамдуубу? Акыйкатчынын прокуратурага талабыЖаңы салык кодекси: артыкчылыктар жана тобокелчиликтер