Жалал-Абад: Кар баскан жолдо калгандар баары куткарылды

Окуя болгон жер.

Жалал-Абадда калың кар жааган жолдо калгандар баары куткарылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 23-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-октябрда Жалал-Абад – Казарман (Тогуз-Торо) автоунаа жолунун болжол менен 87-91-чакырымдарында Сары-Кыр ашуусунда кар жаап, эки оор жүк ташуучу жана бир жеңил машина калып ктекен. Ичинде айдоочулардан тышкары жүргүнчүлөр, арасында балдар да бар деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Куткаруу иштерине адистерден тышкары жергиликтүү тургундар да катышты.

Куткарылган тогуз адамдын баарынын абалы жакшы, алар медициналык кароодон өткөндөн кийин үйлөрүнө жеткирилди. Азыр машиналарды түшүрүү иштери жүрүп жатат.

21-октябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолорго кар жааган. (TB)

Дагы караңыз

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана МатраимовCOVID-19: Дагы үч адам каза болду, 119 бейтап жаңы катталдыБлогерлерди бириктирген курултайЖуманазаров: Спортто он жыл алдыга караш керек