COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 112 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-октябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2658 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 112 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (43 адам) жана Чүй облусунда (42 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 741 адамга жетти.

Азыр ооруканада 680 бейтап жатат, дагы 687 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Жалал-Абад: Ташиевдердин аты аталган окуяларЭрдоган Түркиядан 10 өлкөнүн элчилерин чыгарууну буюрдуЖапырт уулануу. Тамактануу жайлары текшериле баштады "Ыйман Нуру" партиясын, Бакир уулун жана Арстанбекти шайлоодон четтетүү боюнча арыз берилдиИсхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди