Коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду

Коронавирус.

31-октябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Акыркы бир суткада 73 киши вирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 33ү Бишкекте.

Өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2671ге жетти.

Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миңден ашып, алардын 175 миңден көбү айыкты.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 728 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Дагы караңыз

"Бакиевге "энергетикага тийишпе" деп эскерткем"Кыргызстан Орусиядан аскердик-техника сатып алатАКШнын чалгын кызматы коронавирустун булагын аныктай алган жокЫсык-Көлдө концентратты мыйзамсыз алып кетүү фактысы катталды