АКШда парадга чыккандарды автоунаа сүзүп, беш киши көз жумду

Висконсинде парадга чыккандарды аралап бараткан машине. Сүрөт Интернетке чыккан видеодон алынды. 21-ноябрь, 2021-жыл.

Полициянын маалыматына ылайык, Висконсин штатындагы жаңы жылдык парадга чыккандарды машине сүзүп беш киши каза болду. Жарадарлардын саны 40тан ашты. Полиция курмандыктар өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Жергиликтүү полиция башчысы Дэн Томпсондун маалыматына караганда, шектүү камакка алынды. Ал эми машинени Милуоки шаарынан 32 чакырым алыс аймакта табышкан.

Тартип коргоочулар «кырдаал турукташа электигин жана иликтөө жүрүп жатканын» кошумчалашты. Интернетте жарыяланган видеолордо 21-ноябрда, түштөн кийин парадга чыккандарды аралап кызыл жолтандабас жүрүп баратканын көрүүгө болот.

Томпсон азырынча чабуулдун террорчулук менен байланышы бар-жогу аныктала электигин кошумчалады.

Ак үйдүн өкүлү билдиргендей, президент Жо Байден окуядан кабар алып, көз салып жатат.

Ушуга окшош окуя 2015-жылы Оклахома штатында болгон. Анда спортчулардын жүрүшүн көрүүгө топтолгон элди машине сүзүп, төрт киши көз жумган. 2016-жылы Берлинде жаңы жылдык жарманкенин катышуучуларын машине атайы сүзүп, 12 адам каза болгон. Ал чабуулга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун катышы бар экени белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Пара талап кылууга шектелген прокурордун орун басары эки айга камалдыПрезидент Жапаров Бишкектеги жаңы конуштардын тургундары менен жолуктуСадыр Жапаров Кара-Кечеде көмүр казуу маселеси чечилгенин айтты