Чехияда коронавирустан улам өзгөчө абал жарыяланды

Чехияда тартылган сүрөт.

Чехия өкмөтү коронавирус күчөп жатканына байланыштуу өлкө аймагына 30 күндүк өзгөчө абал киргизилгенин жарыялады.

Бул чара 26-ноябрда түндө башталат. Ресторандар жана башка көңүл ачуучу жайлар кечки саат онго чейин гана иштейт. Рождествого байланыштуу уюштурулган базарлардын ишине, көчөдө спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды. Маданий жана спорттук иш-чараларга келгендердин саны миңден ашпашы керек.

25-ноябрда Чехия президенти Милош Земан коронавирус менен ооруп калганы маалым болду. Бейтапканаларда азыр 6 миңдей адам жатат. Саламаттык сактоо министрлиги ооругандардын 70% оор абалда экенин билдирген.

Буга чейин Чехияда эмдөө сертификаты же коронавирус инфекциясы жукпаганы тууралуу тастыктамасы жок жарандарга коомдук жайларга барууга тыюу салынган.

Өлкөдө учурда калктын 58,5% толук эмдөөдөн өткөн.

Европада акыркы күндөрү COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйүп, айрым өлкөлөр жалпы улуттук локдаун киргизүүдө. Reuters белгилегендей, Чехия коронавирус инфекциясынын күчөшү боюнча дүйнөдө Словакия менен Австриядан кийин үчүнчү орунда турат.

Дагы караңыз

Мусаев: мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлө элекПольша Арменияга вакцинанын 200 миңден ашык дозасын бердиКара-Кечедеги көмүр кризисиШайлоодон улам Бишкекте мектептер убактылуу онлайн окутууга өтүүдө