Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атады.
Уюмдун маалыматына караганда, мутациялардын сериясына кабылган B.1.1.529 вирусу организмдеги протеиндин курамына таасир көрсөтөт. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн.
Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы аныкталган.
Бул штамм Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер "Омикрон" катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.
Дагы караңыз
Кыргызстан коронавирус пандемиясы учурунда бешинчи шайлоону өткөрүүдөШайлоо: Чүйдө кармалгандардын жакындары үн катты Тоолуу Бадахшанда үч күндөн бери нааразылык улануудаБоорукер мигрантка блогер машине белек кылды