Быйыл буудай 42% аз жыйналды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитети республикада дан эгиндерин жыйноо толук аяктаганын билдирди.

Маалыматка караганда, 23-ноябрга карата 577 миң гектар аянттан жыйналып, 1,4 миллион тонна дан бастырылды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 29% аз.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндеринин түшүмү азайган. Буудайдын түшүмү 42,%, арпаныкы 46,% кыскарды.

Ал эми май өсүмдүктөрүнүн жыйымы - 25,4%, кант кызылчасы - 19%, бакча өсүмдүктөрү - 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 3,9%, жүгөрү - 3,3%, картошка - 2,9% төмөндөдү. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкек штамптоочу заводуна 80 жыл болдуЖумгалда жолдун абалына нааразы болгондор акцияга чыгышты Улуттук кардиология борборунда министр менен юристтин кайым айтышкан видеосу тарады