Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Жумгалда жолдун абалына нааразы болгондор акцияга чыгышты


Жумгалдан тартылган сүрөт. 12-декабрь, 2021-жыл.
Жумгалдан тартылган сүрөт. 12-декабрь, 2021-жыл.

Жумгалдын Баш-Кууганды айылынын тургуну Айбек Нурмамбетов Жумгал-Кочкор жолун жергиликтүү эл түшкө чейин тосуп, учурда ачылганын билдирди. Баш-Кууганды айылынын кире беришине боз үй тигилип, тургундар жолдун салынбай жатканына жана андагы чаң сапырылып кырсык көп катталып жатканына нааразы болуп чыгышкан.

“Бешинчи күнү 28 жаштагы балдар каза болду. Жолдогу чаңдан эч нерсе көрүнбөйт. Айылды аралып өткөн жолдун чаңы сапырылат. Курулуш эч бүтпөй койду. Милициядан келип, жолго суу сээп туруу милдетин алышты. Азыр жол ачылды”, - деди айыл тургуну.

Бул жолдон Кара-Кече кенинен көмүр таркан жүк ташуучу машинелер өтөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Сентябрь айында Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин - Баш-Кууганды тилкесин салуу боюнча тендерди кытайлык China Railway компаниясы утуп алганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирген. 70 чакырымды түзгөн бул тилке Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыяга курулат.

Өткөн жылы 1-декабрда эки жыл мурун тендерди уткан италиялык компания менен келишим жокко чыгарылган. Тендер сегиз айдан кийин, быйыл 7-июлда өткөн. Жумгалдыктар буга чейин бир канча жолу нааразычылык акциясына чыгып, жолду тез-арада бүтүрүүнү талап кылышкан.

Түндүк менен түштүктү бириктире турган Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG