Анкарада кыргыз-түрк дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгы белгиленди

Элчи Кубанычбек Өмүралиев ANKASAM аналитикалык борборунда.

Түркияда кыргыз-түрк дипломатиялык кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган жыйын өткөнүн 18-декабрда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады.

Кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө боюнча Анкара борборунда (ANKASAM) уюштурулган жыйынга элчи Кубанычбек Өмүралиев, окумуштуулар, түркиялык дипломаттар, эксперттер, журналистер жана бул аналитикалык борбордун жамааты катышты. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги, тарыхы талкууланды.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Түркияда буга чейин да бир катар иш-чаралар уюштурулган. (ElB)

Дагы караңыз

Матраимовдун схемасы: бажычылардын иши иликтенди Мас айдоочунун айынан "Тазалыктын" дагы бир жумушчусу каза болдуRFE/RL радиосу Беларусту журналист Кузнечикти тез арада бошотууга үндөдүАКШ Иран боюнча сүйлөшүү создукканына тынчсызданып жатканы маалымдалды