Сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

Жанар Акаев.

Бишкектин административдик соту 21-декабрда "Альянс" партиясынын БШКнын 30% гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосуна каршы арызын карап, канааттандырды. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Жогорку соттун басма сөз кызматы "Альянстын" доо арызы канааттандырылып, БШКнын тиешелүү токтому мыйзамсыз деген негизде жокко чыгарылганын ырастады. БШК чечим тууралуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз Сот БШКнын өзгөргөн жобосун мыйзамсыз деп тапты

Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага чейин маселе эки жолу талкууланып, колдоо тапкан эмес.

БШК кабыл алган жобого ылайык "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болмок.

Депутат Жанар Акаев Боршайкомдун чечимин "акылга сыйгыс" көрүнүш катары баалаган. "Альянс" партиясы 17-декабрда БШКнын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз жазган. 20-декабрда сот партиянын арызын карап, эки жолу кийинкиге жылдырган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. "Альянс" партиясы жети мандат алган. (МТа)

Дагы караңыз

Жогорку сот "Батукаев ишин" кайра карайтКочкордо Эгизбаевдин элесине арналган көк бөрү мелдеши өттү (видео)Өрт кыйган өмүрлөр